Россия Кыргызстандын товарларынын негизги сатып алуучусу. Видеографика

Өткөн жылдын январь-октябрь айларында өлкө чет мамлекеттерге 3 миллиард 123,4 миллион долларлык товар сатканын Улуттук статистика комитети билдирди. Кыргызстан көп экспорт жасаган өлкөлөр: Россияга — 937 миллион 427,9 миң доллар (30 пайыз); Улуу Британияга — 871 миллион 51,9 миң доллар (27,9 пайыз); Казакстанга — 359 миллион 260,4 миң доллар (11,5 пайыз). Белгилей кетчү жагдай, Улуу Британияга жасалган экспорттун 99 пайыздан ашыгы же 870,6 миллион доллары алтынга туура келет. Ошол эле учурда Россияга товарлардын жүздөгөн түрү, анын ичинде кийим-кече, тамак-аш жана өнөр жай товарлары сатылат. Эгерде алтынды кошпостон (баалуу металл 1 миллиард 64,4 миллион долларга сатылган, анын басымдуу бөлүгү Британияга кеткен) экспортту кайра эсептесек, анда бөлүштүрүү төмөнкүдөй болот: Кыргызстандын продукциясынын экспортунун дээрлик жарымы, тагыраагы, 45,5 пайызы Россияга туура келет.
Back to Top