КРСУда Россиянын жогорку окуу жайларынын көргөзмөсү ачылды
Көргөзмөгө 30дан ашык университет катышты. Бардык каалоочулар жогорку окуу жайларга кабыл алуу жана квоталар тууралуу маалымат ала алышат.
Кыргыз-Россия Славян университетинде Россиянын жогорку окуу жайларынын “Россияда билим берүү – 2024-2025” көргөзмөсү ачылды.
Иш-чара 1-ноябрдан 3-ноябрга чейин Россотрудничествонун квоталык тандоо кампаниясынын алкагында өтөт.
Бардык каалоочулар жогорку окуу жайларга кабыл алуу жана квоталар тууралуу маалымат алат.
Көргөзмөгө 30дан ашык университет катышууда. Болочок абитуриенттер медициналык, техникалык, гуманитардык, лингвистикалык, педагогикалык жана башка багыттар боюнча адистерди даярдаган ЖОЖдор тууралуу жакындан биле алат.
Россотрудничествонун төрагасынын орун басары Павел Шестов көргөзмөдө бүткүл россиялык университеттер көрсөтүлүп жатканын айтты. Ал жерге ата-энелери менен келген окуучулар Россиядан келген мугалимдер, эл аралык бөлүмдөрдүн жетекчилери менен баарлашып, жашоодо кандай мүмкүнчүлүктөр бар экенин өз көзү менен көрөт деген ишенимин билдирди.
“Көргөзмө келечектеги студенттерге Россияга барып, жогорку квалификациялуу адис болууга жардам берет. Ошондой эле өлкөгө кайтып келгенден кийин Кыргызстандын да, айрым адамдардын да экономикалык абалын жогорулата алат. Студенттер Россиядан жана башка чет өлкөдөн келгендер менен бирге окуп, жаңы досторду таба алат. Бул жөн гана достук эмес, алардын келечектеги жумушуна да таасир берчү мамиле болот. Көргөзмө пайдалуу болот деп ишенем”, — деди Шестов.
4 views
145
37
3 months ago 00:02:51 180
Бишкекте Россия ЖОЖдорунун көргөзмөсү ачылды
3 months ago 00:01:05 160
КРСУда масштабдуу конгресстин ачылышы болду
1 year ago 00:01:21 173
КРСУда Россиянын жогорку окуу жайларынын көргөзмөсү ачылды