Бишкекте ТИМ башчылары кеешинин жыйыны кандай тт

Бишкекте 12-октябрь күнү Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлери кеңешинин (КМШ ТИМК) жыйыны өттү. Министрлер эл аралык күн тартиби жана кызматташууга байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулашты. Быйыл Кыргызстандын КМШга төрагалыгынын алкагында 45 иш-чара өткөн. Жыл соңуна чейин дагы 36 иш-чара өткөрүү пландалууда. Анын ичинде өкмөт башчылардын жыйыны менен Парламенттер аралык ассамблея дагы бар. Жалпы 17 документке кол коюлду. Анын баары КМШ президенттеринин кароосуна жөнөтүлөт (13-октябрда). Негизги басым 2025-жылы өтө турган Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөө үчүн даярдыкка жасалды. КМШ ТИМКтин кийинки жыйыны 2024-жылы апрель айында Минскиде өтөт. Шериктештикке Россия төрагалык кылат.
Back to Top