Жалал-Абадда Россия-кыргыз регион аралык конференция кандай өттү?
Жалал-Абадда Россия-кыргыз аймак аралык конференциясы өттү. Иш-чаранын катышуучуларына Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Россия лидери Владимир Путин видеоформат аркылуу кайрылды.
Конференцияда кызматташуу, долбоорлорду каржылоо, туризм, соода жана ритейл багыттары талкууланды. Эки өлкөнүн аткаминерлери өнөр жай объектилерин кыдырып, Россия менен Кыргызстандын региондорунун “Достук” паркына капсула салып, көргөзмө жана бизнес-сессияларга катышты.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров конференциянын жыйынтыгында 3,5 миллиард долларлык келишимдерде кол коюу пландалганын айтты.
Иш-чара эки өлкөнүн футбол командаларынын жолдоштук беттеши менен жыйынтыкталды. Конференция Кыргызстан менен Россиянын кызматташтыгын бекемдөө максатында уюштурулду.
90 views
194
49
2 years ago 00:09:05 1
Жалал-Абадда тоо этегинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу көтөрүлдү
11 years ago 00:05:14 29
Жалал - Абадда окуучу экинчи мультфильмин жарыкка чыгарды