Казакпаевдин абактагы өлүмү, УКМКнын жообу

Кыргызстанда «мамлекеттик чыккынчылыкка» айыпталып, абакта кезинде каза болгон саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү жабык жайлардагы адам укугу маселесин күн тартипке чыгарды. Өлкөдөгү оппозиция жана укук коргоочулар бийликти бул маселеге көңүл бурууга жана УКМК жетекчилигинин жоопкерчилигин кароого чакырууда. Атайын кызматтын жетекчилиги болсо Казакпаевдин ишин айрым саясатчылар өз кызыкчылыгында колдонуп жатат деп айыптап чыкты. Кыргызстанда жабык жайлардагы адам укугунун абалы кандай? Соңку кырдаалга ким жоопкерчилик алыш керек? Бул суроолорду «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасында талкуулайбыз. Талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Кундузбек Сулайманов, саясатчы Равшан Жээнбеков жана укук коргоочу Азиза Абдирасулова катышат. Программаны саат да «Азаттыктын» соц тармактагы баракчалары жана Next Tv каналынан түз көрүңүз. #Казакпаев #УКМК #абак
Back to Top