Кыргыз кереметин жараткан режиссерлор ошондо 22-23 жашта эле
Быйыл “Кыргызфильм“ киностудиясына 81 жыл толду. Аталган маданий мекемеден убагында далай таланттар чыгып, мыкты фильмдер даярдалып дүйнөнү түрө кыдырган.
Азыркы Төлөмүш Океев атындагы “Кыргызфильм“ киностудиясы 1941-жылы 17-ноябрда Фрунзе кинохроника студиясы деп өкмөттүн токтому менен уюшулган. Жаңы мекемеге жабдуу, техника Москвадан алып келинип, ишмердүүлүгү башталган. Алгач кыргыз, орус тилинде “Советтик Кыргызстан“ киножурналын, башка студиялардын буюртмаларын аткарып, кийин толук метраждуу көркөм, даректүү, түстүү тасмаларды тарткан.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ал жылдарды кинорежиссер Төлөгөн Сыдыков менен эскерип маек курду. 18 жашында оператордун жардамчысы болуп киного келип, көп жыл экинчи режиссер болуп иштеген Сыдыков чоң кинону 22-23 жаштагы балдар көтөргөнүн айтат.
“Алп дүйнөнү 22-24 жаштагы балдар түптөп көтөрдү. Төлөмүш бир-эки даректүү тасма тартып “Бакайдын жайытына“ киришкен. Биз ошол маалда Геннадий менен “Саманчынын жолун“ тартып жатканбыз. Андрей Кончаловский да “Биринчи мугалимди“ тартып, Наталья Аринбасарова жаңы эле кыргыз киносуна келген. Кыргыздар негизи таланттуу эл. Манасчы, төкмө акын, ырчылары эле кандай таланттар. Ата мекендик кинематографиянын жаралуусунун башында турган Мелис Убукеев, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Геннадий Базаров, төртөө тең кыргыздын этнографиясын, жомокторун, турмушун мыкты билчү. Белгилүү оператор Кадыржан Кыдыралиев эки фильм тарткандан кийин аны Москвадагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна (ВГИК) чакырышкан. Профессор наамын берип, оператордук курс өткөнгө устакана ачып беребиз дешкен. Бирок ал болбой койгон. Ушул сыяктуу сунуштар көп эле болгон. Кыргыздын киносу союз маалында мамлекетке бир топ киреше алып келди. Мисалы, “Буктурма“, “Бөрү зындан“, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары“ кассалуу фильмдердин катарына кирген. Ал фильмдерди СССР чет мамлекеттерге алтынга сатчу же чет элдик прокаттагы кинокартиналарга алмашчу“, — деди Сыдыков.
Союз маалында Кыргызстанда жыл сайын ар кыл жанрдагы 15-20 фильм көрүүчүлөргө сунушталчу. Ал кинокартиналарга катышкан актер, актрисаларга Кыргыз ССРинде эле эмес, чет жакта да суроо-талап пайда болгон.
77 views
483
110
5 months ago 01:00:19 153
Север озера Иссык-Куль # 1 Кыргызстан Вадим Старов авторский тур Отдых, путешествие, саморазвитие.
6 months ago 00:01:13 98
Аты өчпөс залкар... Геннадий Базаровдун эстелигинин ачылышы видеодо
7 months ago 00:18:07 1
ШВЕЙЦАРИЯГА ТЕҢ КЕЛЧҮ КЫРГЫЗ ЖЕРИ! #Керемет КЫРГЫЗСТАН #2
8 months ago 00:33:17 1
Қазақтың соңғы Ханы - КЕНЕСАРЫ
1 year ago 00:03:25 1
Нурила - Махабат жок дебе / Жаны 2023
1 year ago 00:54:15 1
КАК КЫРГЫЗЫ УСТРОИЛИСЬ В МОСКВЕ???
1 year ago 00:07:34 1
😂🇰🇿ҚАЗАҚ БАЛАНЫ ӘБДЕН ҚЫЙНАДЫ АУ МЫНА ҚЫРҒЫЗ ҚЫЗ🇰🇬😅Кім кімді ұнатып отр деп ойлайсыз😍🤔
1 year ago 00:01:14 214
Жапаров: Жалал-Абад Кыргызстандагы экинчи экономикалык борборго айланат
2 years ago 00:03:41 1
АЛЕКСАНДР Волкодав - Любовь похожая на сон | Кыргыз Тилинде | УПАЙ Songs
2 years ago 00:02:28 4
DVRK45, Kaibar AGA-INI - Колду Чап
2 years ago 00:20:03 872
Бактысын да, азабын да театрдан тапкан Бакен Кыдыкеева
2 years ago 00:10:26 799
“Кыргыз кереметин“ жараткан режиссерлор ошондо 22-23 жашта эле
3 years ago 00:01:25 5
Алматы тауы | Алматының керемет жерлерінің бірі
3 years ago 00:00:14 331
Kyrgyz-ӨҢҮ---Керемет-🇰🇬.mp4
4 years ago 00:12:55 1
ЖАП-ЖАҢА АККАУНТ САТЫП АЛДЫМБА ............)))) FREE FIRE ОБЗОР АКК 💎 КОП КОМЕНТ ЖАЗЫП 100 💎 АЛ ))