Бошсуңар! Садыр Жапаровдун аткаминерлерди кеңешме учурунда иштен алган видеосу
Президент Садыр Жапаров жер мунапысы боюнча кеңешме жыйын өткөрүп, аткминерлерден аталган маселелер боюнча эмне иш бүткөнүн сурап, кемчиликтерин көрсөтүп, ишиндеги шалаакылыгы үчүн жарга такады.
Ал жер-жерлерде маселелерди чечүү үчүн акимдерге бардык ыйгарым укук берилгени менен мыйзамдар аткарылбай жатканын белгиледи.
Маселенин төркүнүнө келсек, өткөн жылдын апрель айында жер мунапысы жарыяланып, жарандарга үй куруп алган жерлерин мыйзамдаштырып алганга мүмкүнчүлүк жаралган. Жергиликтүү бийликтин башчыларына тиешелүү иштерди ыкчам жүргүзүп, элге жер тилкелерин мыйзамдаштырып алууга уруксат кагаздарын берүү милдети тагылган.
Анткен менен Жапаров бул боюнча мыйзамды аткаруу начар, өзгөчө Чүй облусунда канааттандырарлык жүрбөй жатканын айтты.
“Бир жылдан ашты, силер 345 эле кишиге берипсиңер. Эмне үчүн? Менин Чүйдөгү өкүлүм, эмне бутуңарды тушап койдубу? 5 мүнөттө келип мага кирсеңер, алакандай кат жазып, 27-пункт тоскоол болуп жатат, ушул жерди оңдоп бергиле деп кайрыласаңар болот беле. Сөзсүз эле ызы-чуу болуп, мен ал жерге барып, элден угуп келип, анан чечишим керекпи. Силердин экөөңөрдүн түздөн-түз милдетиңер да. Бир жылдан бери эмне кылып жатасыңар“, — деди ачууланган президент.
Ал аталган иштерди аткаруу үчүн белгиленген мөөнөттөн бир жылга чукул убакыт өткөнүн белгилеп, мындай иштөөнүн кереги жоктугун айтты.
“Үч айдын ичинде, эң көп болсо алты айда бул маселени чечип бергиле деп мөөнөт бербедим беле. Алты ай эмес, бир жыл өтүп кетти. Мындай иштегендин кереги жок. Маселелерди оперативдүү чечип тургула деп кимдерге толук укук бергенбиз... Ушундай кантип болсун?“ — деди Садыр Жапаров.
Бул кеңешмеде Жапаров анын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев менен Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевдин кызматынан кетүү маселеси боюнча чечим кабыл алган.
🔸Айтибаев: “Сиздин жардамыңыз менен бүтүрүп жатабыз. Калганын деле бүтүрөбүз, Акылбек Үсөнбекович деле бизге тапшырмаларды кайра берген“.
🔸Жапаров: “Бүтүрбөй эле койгула, болду. Бошсуңар экөөң тең. Кызматтан бошойсуңар. Экөөң тең арызыңарды жазып бергиле“.
Мамлекет башчы аны менен катар эле башка аймактардагы жер мунапыстары боюнча иштердин өзгөчө Чүй жана Ош облустары, Ош шаарында кандай жүрүп жаткандыгын текшерүүгө тапшырма берди.
Мындан сырткары, Жапаров Аламүдүн районунда жер амнистиясына жамынып, эч нерсе курула элек айдоо жерлер трансформацияга түшүп калган фактылар аныкталгандыктан аким Бактибек Анаркулов кызматтан бошотулганын кошумчалаган.
96 views
330
103
2 years ago 00:01:28 370
Бошсуңар! Садыр Жапаровдун аткаминерлерди кеңешме учурунда иштен алган видеосу