Орусияда теракт уюштурууга шектелген Азимовдордун атасы Путинге кайрылды

2017-жылдын апрелинде Санкт-Петербург шаарындагы метродо 16 адамдын өмүрүн алган жардыруу болгон. Тергөө комитети окуяны теракт деп атап, аны Кыргызстанда туулган жана жардыруу учурунда набыт болгон Акбаржон Жалилов жасаганын билдирген. Терактты уюштурууга жана каржылоого шектелип Жалал-Абадда туулуп-өскөн Аброр жана Акрам Азимовдор да кармалган. Алардын атасы Ахрал Азимов Путинге кайрылуу жасап, балдарынын акталышына жардам берүүнү суранды.
Back to Top