Аткыланган Мариуполдо суусуз калган элди сактап калган тургун
Sputnik Кыргызстан агенттигинин тартуу тобу Мариуполго барып, жергиликтүүлөр Украина армиясынын аткылоосу алдында кантип күн кечирип жатканын көрсөтүп берди.
Аткылоодон улам Мариуполь жарыксыз, суусуз калган эле. Үйүнүн короосунда кудугу бар Олег аттуу жергиликтүү тургун шаардыктардын көбүнө жардам берди.
“Суу кадимкидей эле жок калды. Жакын жердеги чиркөөдө кечки саат 6га чейин гана берилчү. Көп кишиге жетпей да калчу. Идиши бош болуп келе жаткандарды көрсөм, короомдогу кудуктан суу алып алгыла дечүмүн. Үч жумадай үйгө 50-60 киши топтолуп калып жүрдү. Үйүм аткыланган жок, бирок баары бир коркунучтуу эле“, — деди ал.
Жергиликтүү тургундар Олегге электр насос алып келип беришкен. Эми суу атайын цистерналарга сордурулуп, аны алуу жеңилдеди. Азыр мариуполдуктар сууну ушул жерден алышат.
59 views
762
223
2 years ago 00:02:04 89
Аткыланган Мариуполдо суусуз калган элди сактап калган тургун