Интернационалист жоокер Мадымаев: вьетнамдыктар бизди бомбадан денеси менен калкалачу
1945-жылдан баштап вьетнамдыктар Франция, АКШ жана анын өнөктөштөрү менен 30 жыл согушту. Бул кандуу тирешүүдө вьетнам элине Советтер Союзу, Кытай, Түндүк Корея жана Монголия зор көмөк көрсөткөн.
Вьетнам согушуна беш кыргызстандык жоокер жана бир дипломат катышкан. Алардын арасында ракеталык күчтөрдүн ефрейтору Толубай Мадымаев да бар эле. Белгилей кетсек, жогорудагы ардагерлердин ичинен полковник Жумалы Кубатов эгемен Кыргызстандын аскердик чалгын кызматын негиздеген. Ал эми дипломат Касымбай Намазбеков кыргыздын ичинен Түштүк-Чыгыш Азия боюнча тунгуч адиси болду.
Вьетнамдагы отуз жылга созулган согушта мекенчилдер АКШ менен анын өнөктөштөрүн жеңип, өлкөдөн баскынчыларды сүрүп чыгарышкан. Sputnik маалымат агенттигинин колумнисти вьетнам согушунун ардагери 83 жаштагы Толубай Мадымаев менен маек курду.
Ал Вьетнамга кандайча барганын жана кан майданда куралдаштары менен кантип салгылашканын эскерди.
“1963-жылы Совет районунан (азыркы Кара-Кулжа) Советтер Союзунун армиясынын катарына чакырылдым. Брянскиде аскердик кызматымды ракеталык күчтөрдө өтөй баштадым. Ошентип эки жыл өттү. 1966-жылы командачылык Вьетнамдагы согушка кетесиңер деп жашыруун буйрук берди. Бизди учакка салышты. Кызыгы, Кытайга келип, ал жерден бир аз убакыт эс алдык. Ошол учурда расмий Пекин менен СССРдин ортосунда мамиле курчуй баштаган. Буга карабастан, Кытай тарап бизге дасторкон жайып абдан жылуу тосуп алды. Вьетнамга келгенде дароо АКШнын аскердик учактарына каршы салгылашты баштадык. Бизди самолеттор бомбалай баштаганда окопторго жашынчубуз. Бомба түшкөндө вьетнамдык аскерлер бизди өзүлөрүнүн денеси менен калкалачу. “Силер эмне бизди мынчалык коргойсуңар“ деп таң калып сурачубуз. “Силер өмүрүңөрдү тобокелге салып биздин Ата Мекенибиздин азаттыгы үчүн салгылашып жатасыңар. Ошондуктан өз жериңерге аман-эсен кетишиңер абзел“ дешти. Вьетнамдыктардын эркиндик үчүн баарына кайыл болуп согушканын көрүп, абдан суктанганбыз. Алар күнүнө сууга бышкан күрүч гана жеп, америкалык баскынчыларга туруштук беришти. Бул эл абдан меймандос жана билимге умтулат экен. Вьетнамдын жолбашчысы Хо Ши Мин менен да жолуктук. Биз анын адамкерчилигин, карапайым экенин көрүп аябай таң калганбыз. Вьетнамда тогуз ай кызмат өтөдүк. Ушул өлкөгө дагы бир ирет барып келсем деген кыялым бар“, — деди Толубай Мадымаев.
Өкүнүчтүүсү, бул ардагердин Вьетнам согушуна катышкандыгы жөнүндө аскердик билетине жазылбай калган. Мындан улам интернационалист жоокер катары пенсия ала албай жүргөнү маалым.
6 views
368
98
2 years ago 00:15:08 913
Интернационалист жоокер Мадымаев: вьетнамдыктар бизди бомбадан денеси менен калкалачу