Бишкекте Россия-Кыргыз медиафоруму өтүп жатат

Бишкекте Россия-Кыргыз медиафоруму өтүп жатат. Видео Иш-чаранын ачылышына билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева, КРСУнун ректорунун милдетин аткаруучу Сергей Волков, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин атташеси Роберт Федоров, Россиянын Илим жана жогорку билим министрлигинин маалыматтык саясат жана комплекстүү коопсуздук департаментинин директору Андрей Толмачев жана башкалар катышты. Толмачев белгилегендей, медиафорумдун катышуучулары тажрыйбасы жана кесиптик билими менен бөлүшүшөт. “Жаштар менен алардын тилинде сүйлөш керек деп дайыма айтам. Позитивдүү контентти сиздерден башка ким түзмөк эле? Бүгүнкү медиафорум бардык жакшы нерселерди, достукту жана позитивди камтыйт. Мындан тышкары, бул жерден тажрыйбаңыздар менен бөлүшөсүздөр деп ишенем“, — деди Толмачев. КРСУнун ректорунун милдетин аткаруучу катышуучулар маалымат мейкиндигин өзгөртпөө канчалык маанилүү экенин талкуулашы керектигин белгиледи. “Бул форум катышуучуларга баарлашууга мүмкүндүк берет, коммуникацияда жаңы нерселер жаралат. Сиздерге ийгилик каалайм. Эң башкысы, билимге ээ болуп жана жаңы байланыштарды түзө аласыздар“, — деди Волков.
Back to Top