Крым Россияга кантип кошулган. Тарыхты баяндаган видео
Мындан 240 жыл мурда, 19-апрелде Крым Россиянын бир бөлүгүнө айланган. Андан улам, 2014-жылы болгон окуяны Крымдын Россия кайрадан кошулушу деп атап келишет.
XVIII кылымда Россияга жарым арал эле караган эмес. 1791-жылы Россиянын курамына Түндүк Причерноморья кирген. Ага азыркы Одесса облусунун аймагы да караган.
Тарыхка кайрылсак, анда жипке тизгендей окуялар көзгө тартылат.
Россия XVII кылымдын аягынан тарта Крым үчүн Кара деңизге чыгып, түштүк облустарынын коопсуздугу үчүн күрөшө баштайт. 1972-жылдын 1-ноябрында “Карасубазарында“ Россиянын атынан В. М. Долгоруков-Крымский менен генерал-поручик Е. А. Щербинин жана Крым ханы Сагиб II Гирей келишимге кол коюшкан. Анда Крым Россиянын канатына кирип, Осмон империясынын хандыгынан бошонору жарыя болгон. Ошентип, Россияга Кара деңиздин Керчь, Еникале жана Кинбурн порттору кирген. Россия Түркияны жеңгенден кийин 1774-жылдын 10-июлунда Күчүк-Кайнаржы тынчтык келишими түзүлгөн. Кара деңиздин жээгиндеги жерлер Азов жана чыгышта Азов боюндагы аймактардан тарта батышта Бугга чейин Россияга кирет.
Россия Кара деңизде позициясын бекемдеп, Керчь булуңун көзөмөлүнө алган. 1787-1791-жж. орус-түрк согушунда Россия жеңгенден кийин 1791-жылы 29-декабрда Яссы тынчтык келишими түзүлгөн. Ошентип жарым аралдагы позициясын жанданып, Россия Крым менен ал тарабын ишенимдүү бекемдеген. 1921-жылдын 18-октябрында РСФСРдин курамында Советтик Социалисттик Крым Автономдуу Республикасы (АССР) түптөлгөн. 1954-жылы 30-июнда АССРди облуска айланып, РСФСРдин курамына,
1954-жылы 19-февралда СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун жарлыгы менен Крымды Украинага кошулган.
1991-жылдын 20-январында Крымдын Украинадан чыгышына добуш беришкен. Жарым аралдын жашоочуларынын 93%ы Крым Автономдуу советтик республикасынын кайра жаралышына макул экендиктерин билдирет.
2014-жылдын 16-мартындагы референдумда крымдыктар Россияга кирүү үчүн добуш беришкен.
35 views
108
24
3 months ago 00:02:59 17
Заявка №482#24. Народный вокальный коллектив “Ремикс“
4 months ago 00:00:30 223
Санаторий Россия
4 months ago 00:00:53 49
Севастополь. Церковь Архистратига Михаила. 1849г. Temple of Michael. Sevastopol. Crimea