Путин: Батыш Украинаны курал менен жабдууга 150 миллиард доллар коротту
Россиянын президенти Владимир Путин Федералдык жыйындагы жасаган билдирүүсүндө Батыштын Украинага жардам көрсөтүү максаты эмнеде экенин айтты.
Ал Россия адам өмүрүн жана өз үйүн коргоп жатканын, ал эми Батыштын максаты чектөөсүз бийлик жана таасир экенин белгиледи.
“Алар киевдик режимге көмөк көрсөтүүгө жана курал менен жабдууга 150 миллиард доллар коротту. Салыштыруу үчүн айтсак, Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун маалыматы боюнча “Жетиликке“ кирген өлкөлөрдүн кедей мамлекеттерге 2020-2021-жылдары берген жардамы 60 миллиард сомдой болгон. Түшүнүктүү болдубу? Согушка 150 миллиард, ал эми ар дайым кам көрүп жатабыз деген кедей өлкөлөргө 60 миллиард. Жакырчылыкка каршы күрөшүү, туруктуу өнүгүү, экология жөнүндө айткан сөздөрү кана? Анын баары кайда кетти?“, — деп суроо салды Россия лидери.
Ошондой эле ал АКШнын дүйнөнүн ар кайсы жерлеринде жүздөгөн аскердик базалары бар экенин баса белгиледи. Ал эми Америка чыгарган согуштардын кесепетинен 2001-жылдан бери 900 миң адам каза таап, 38 миңден ашууну качкын болуп калганын эскертти.
“Мунун баарын алар азыр адамзатынын эсинен жөн гана өчүрүп салууга аракет кылууда. Эч нерсе болбогондой түр көрсөтүшүүдө. Бирок дүйнөдө эч ким унуткан жок, унутпайт дагы“, — деди Путин.
РФ лидери Украин кризисин тынчтык жолу менен чечкенге аракеттенгенин, бирок көшөгө артында такыр башка сценарий даярдалганын белгиледи. Батыштын Донбасста тынчтыкты сактоо аракети карандай калп болуп чыкканын айтты.
“Алар согуш чыгарышты, биз аны токтотууга күчүбүздү жумшап жатабыз. Донбасс, Донецк жана Луганскиде жаңы чабуулдарды жасоону пландап жатканын таасын түшүнүп турганбыз, кийинки максаты Крым жана Севастополь болгон. Биз аны билип жатканбыз. Азыр ачык эле айтып, далилдеп жатышпайбы“, — деди Путин.
Эске салсак, бир нече күндөн кийин Россиянын Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча баштаган атайын операциясына бир жыл болот. Тагыраагы, атайын операция 2022-жылдын 24-февралында башталган.
52 views
347
113
8 months ago 00:00:19 79
Путин: Батыш мамлекеттери менен сүйлөшүүдөн качпайбыз
11 months ago 00:00:23 91
Путинден маек алсаң камаласың. Карлсон коркутуулар тууралуу айтып берген видео
2 years ago 00:00:54 144
80 жыл мурда кандуу Ржев согушу аяктаган. Тарыхый видео
2 years ago 00:00:56 144
Путин: Батыш Украинаны курал менен жабдууга 150 миллиард доллар коротту
2 years ago 00:00:34 187
Эгин жүктөгөн алгачкы кеме Одесса портунан Африкага жөнөдү