Үйдөгүлөр мени алдады да, ал ооруканага эле кетти, укол сайдырып эле кайра келет деп. Мен билдим келбей турганын. Ошентип жүрүп эки жыл, үч жыл өттү, 3-4-класста окуп калдым. Анан бир күнү таенемен “каякта?” деп сурадым. “Ал келет, жакында келет” деп жакында, жакында деп жүрүштү. Ошентип баланы алдай берип, алдай берип акыры балада эч нерсеге, эч кимге ишенбөөчүлүк калыптанат экен. Азыр да мен адамдарга оңойлук менен ишенбейм. Кыргыздар баланы алдап коебуз деп атып биздин психологиябызга чоң таасир берип коюшат экен. Азыр даярданып жүрөбүз, жолдошумдун сунушу менен бул жөнүндө документалдык фильм даярдайбыз.