Бишкекке жакын экен. Кордайдагы биолабораториянын курулушуна каршы митинг
2025-жылдын соңунда Казакстан өзгөчө кооптуу штаммдар бар лаборатория курууну пландап жатат.
Лабораториянын Жамбыл облусундагы Гвардейский поселогунун аймагында болору айтылган. Объектинин толук аталышы төмөнкүдөй: BSL-4 лабораториясы, кооптуу жана өтө кооптуу штаммдардын коллекциясы сакталган жер төлө.
Митингге чыккандар биолабораториянын курулушуна каршы болуп, ал Кыргызстандын чек арасына жакын аймакта, борбор калаа Бишкектен болгону 80 чакырым алыстыкта болорун билгилешти.
Акцияга бир нече адам келген. Алар “Биздин чек арага жакын биолабораторияга жол жок!“, “Батыштын адамзатка каршы эксперименттери токтотулсун!“, “Казакстандагы биолаборатория — Борбор Азиянын бардык аймагына жаралган кооптуулук“ деген плакаттарды көтөрүп чыгышкан.
78 views
1002
269
2 years ago 00:01:24 124
Россиядан Кыргызстанга жардам иретинде тонналаган азык-түлүк келди
3 years ago 00:00:55 102
Бишкекке жакын экен. Кордайдагы биолабораториянын курулушуна каршы митинг
6 years ago 00:13:01 18
10 жыл мурда Бишкекке жакын жерде учак кулаган. Аман калган бир туугандар бул кандай болгонун эскеришти