Кыргызстанда куралып, миллион сомго чукулдаган Илбирс винтовкасы

“Илбирс“ снайпердин мылтыгы 1500 метрге чейинки алыстыктагы бутага так тиет. Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкө ичинде суроо-талап жогору болгон ок атуучу курал жөнүндө видео тартты. Евгений Витхен бала кезинен эле курал-жаракка жакын өскөн. Азыр анын өзүнүн ок атуучу курал кураштырган жана жасаган устаканасы бар. Мамлекеттик органдардан алган тиешелүү уруксат кагаздарынын негизинде ал жерде буюртма менен аз сандагы ок атуучу куралдарды даярдайт. Өлкөдө бул тармак катуу аксагандыктан Витхен көбүнчө чет элдик компаниялардын тетиктерин жана жабдууларын пайдаланып, куралдардын тактикалык жана техникалык мүнөздөмөлөрүн жакшыртып, аңчылар, спортчулар үчүн кураштырат. Мылтыктардын майда-чүйдөсүнө чейин билген спортчу жакында ата мекендик өндүрүштөгү “Илбирс“ снайпер винтовкасын чогултуп чыкты. Республикадагы бир катар мелдештердин жеңүүчүсү Евгений Витхендин айтымында, “Илбирс“ менен 40-50 килограмм салмактагы жаныбарды 1460 метр алыстыктан атууга болот. “Көптөн бери өзүмдүн винтовкамды иштеп чыксам деген кыялым бар эле. Жыйынтыгында ушул концепция жаралды. “Илбирс“ винтовкасы ушул жылы колдонууга чыкты. Ал спортко жана аңчылыкка ылайыкталган. 6.5 Creedmoor калибриндеги окторду пайдаланып 1500 метрге чейинки аралыктагы анча чоң эмес бутаны ишеничтүү атса болот. Өткөн дем алышта мен снайпинг боюнча Кыргызстандын кубогунун үчүнчү этабында 1460 метр алыстагы диаметри 70 жана 75 сантиметр келген бутага тийгизе алдым. Муну менен аңчылык кылып орточо көлөмдөгү 40-50 килограмм салмактагы жаныбарды кыйынчылыксыз жансыздандырса болот“, — деди Витхен. Витхен айткан мелдеш Балыкчы шаарындагы аскердик базада өткөн. Ал ушул “Илбирс“ снайпер винтовкасы менен катышып жеңүүчү аталган. Кыргызстанга мындай ок атуучу куралдардын көпчүлүгү чет өлкөдөн алып келингендиктен баасы асманды чапчыйт. Ал эми толук кураштырылган “Илбирстин“ баасы 800-900 миң сомго чукулдайт. Витхен азыркы маалда жергиликтүүлөр үчүн аны арзаныраак кылып чогултуу жолдорун издөөдө.
Back to Top