Элкарт Улуттук Төлөм Системасы

Элкарт – 2006-жылы “Банктар аралык процессинг борбору” ЖАК тарабынан ишке киргизилген улуттук төлөм карталары менен эсептешүү системасы. Элкарттын негизги максаты – Кыргызстанда накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү жана Элкарт төлөм карталарын колдонуу аркылуу аз кирешелүү калкка банктык кызматтарды көрсөтүү. Элкарт банктык төлөм картасы – бул акчаңызды башкаруунун заманбап, ыңгайлуу жана ишенимдүү каражаты.
Back to Top