Ысык-Көлдү бойлой 3000ден ашуун жөө күлүк чуркады. ШКУ марафонунан видео

Ысык-Көлдө Шанхай кызматташтык уюмунун эл аралык Run the Silk road марафону өттү. Ага 22 өлкөдөн келген 3000ден ашуун профессионал жеңил атлеттер жана ышкыбоздор катышты. Жөө күлүктөр Кыргызстандын бермети Ысык-Көлдүн жээги менен кеткен трассада 42,2, 21,1, 10 жана 3 чакырымга чуркашты. Чет өлкөлөрдүн элчилери да өз күчүн сынап көрүштү. Марафонго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров старт берип, ийгилик каалады.
Back to Top