Колбаснадагы кампалар — Европадагы эң ири аскердик арсенал. Анда 20 миң тоннадан ашык ок-дары сакталып турат. Эксперттер бул ондогон жылга созулган согушка жетет деп эсептешет.
Кампаны Приднестровьеде орус аскерлеринин ыкчам тобу кайтарат.
2019-жылы Россия арсеналда кайра иштетүү процессин жандантууну сунуштаган. Бирок сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.