Иш-чарага депутаттар, аткаминерлер жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты.
Бүгүн Бишкекте улуттук филармонияда Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Президент Садыр Жапаров кыргыз дипломатиясы байыртадан бери элдин тарыхы менен эриш-аркак келе жатканын белгилеп, куттуктоо сөзүн айтты.
“Белгилүү кытай тарыхчысы Ю Тайшан өз изилдөөлөрүнүн жүрүшүндө биздин заманга чейинки Х кылымда эле кыргыздардын мамлекети болгондугун тастыктаган маалыматын жарыялаган. Демек, элибизде дипломатиялык кызмат мындан үч миң жыл мурда пайда болгон. Дал ушул жерден белгилей кетчү нерсе, өз мезгилинде кыргыз мамлекети бардык коңшу мамлекеттер, анын ичинде улуу Кытай менен жигердүү кызматташып келген. Буга кызыктуу бир тарыхый фактыны мисалга келтире кетейин, тээ 643-жылдан 747-жылдарга чейин Кытайда 11 кыргыз элчилиги катталган экен“, — деген ал өз сөзүндө.
Анын айтымында, дипломатиялык кызматтын өнүгүшүнүн кийинки этабы өлкөнүн эгемендикке ээ болушу менен уланган.
“Кыска убакыттын ичинде Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун толук кандуу мүчөсү болуп, учурда 170тен ашык мамлекет менен дипломатиялык мамиле түздү. Ошондой эле өлкөбүз 124 эл аралык уюмдун мүчөсү катары саясий диалогду бекемдөө жана жагымдуу шарттарды түзүү үчүн көп кырдуу кызматташтыкты жигердүү өнүктүрүү боюнча иш алып барууда“, — деди Жапаров.
Ал белгилегендей, учурда 100дөн ашуун мамлекетте Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгү, Бишкекте болсо аккредитацияланган 100дөн ашык чет элдик элчилик жана эл аралык уюмдар бар.
232 views
53
26
13 years ago 00:06:57 93
«Город Фрунзе», Бишкек, Кыргызстан
2 years ago 00:15:30 23
Гастроли с MANIZHA - Бишкек (Кыргызстан)
14 years ago 00:03:09 31
Кыргызстан. Бишкек.
12 years ago 00:03:01 22
Gangnam Style - Ошский базар (Кыргызстан-Бишкек)
7 years ago 00:02:39 22
Бишкек. Кыргызстан. Первые впечатления
10 years ago 00:10:57 201
Кыргызстан за 10 мин* Игил* Политика* Новости* бишкек
5 years ago 00:01:47 35
Лучники Бишкек Кыргызстан - 5 канал
7 years ago 00:09:39 382
Q POP EQ Бишкек Кыргызстан
8 years ago 00:02:26 9
Бессмертный полк 2017 Бишкек, Кыргызстан
5 years ago 00:03:02 37
Бишкек. Киргизия (Кыргызстан). Декабрь.
10 years ago 00:02:33 1.4K
Gradus Cup 2015 Кыргызстан, Бишкек
6 years ago 00:27:12 2
#Бишкек #Кыргызстан Бишкек-1 #Bishkek #Kyrgyzstan
6 years ago 00:20:12 7
#Бишкек #Кыргызстан Бишкек-3 #Bishkek #Kyrgyzstan
8 years ago 00:04:36 37
МОЙ ГОРОД ФРУНЗЕ Кыргызстан Бишкек
10 years ago 00:09:53 328
Офигенное выступление!!! Азия Микс Бишкек Кыргызстан
8 years ago 00:08:46 184
Бактияр Акимов (Бишкек/Кыргызстан) vs Даниил Голдинов (Смоленск/Россия)
5 years ago 00:06:41 132
ФК “ЧЕРТАНОВО“ - ФК “Дордой“ (Бишкек, Кыргызстан). Обзор матча
13 years ago 00:03:54 21
дуэт Бишкек (Кыргызстан) - Чувства мои
6 years ago 00:19:02 3
#Бишкек #Кыргызстан Бишкек-4 #Bishkek #Kyrgyzstan
9 years ago 00:01:10 1.2K
Кыргызстан - Казахстан. Бишкек 2016 г.
3 years ago 01:03:48 188
Кыргызстан: страна свободы в Средней Азии | Мобилизация, беженцы, природа и пыльный Бишкек