Бишкекте Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына карата концерт өттү

Бүгүн, 4-майда, Бишкекте согуштун жана эмгектин ардагерлеринин урматына, ошондой эле Улуу Жеңиштин 78 жылдыгына арналган “Кызыл гвоздика“ фестиваль-конкурсу өттү. Иш-чара К. Молдобасанов атындагы Улуттук консерваторияда уюштурулду. Сахнада “Кызыл гвоздика“ ансамбли, “Достук үнү“ фольклордук тобу, орус музыкасынын “Радуга“ аттуу элдик ансамбли, “Русская душа“ хору жана башкалар аскердик жылдардагы ырларды аткарышты. Жеңүүчүлөр менен сынактын катышуучуларына акчалай сыйлык жана грамоталар тапшырылды.
Back to Top