Сл. А. Акунов.
Муз. и аранжировка. ИИ Suno.
Сезесиңби
[Verse]
Сен менин ээлеп алып ойлорумду,
Сезимге бүлүк салып койбодуңбу.
Сен деди сезимдерим күйүп жанып,
Сен дагы мен жөнүндө ойлойсуңбу?
Сен деди сезимдерим күйүп жанып,
Сен дагы мен жөнүндө ойлойсуңбу?
[Chorus]
Өзүңө буруп алып сезимимди,
Өрттөнтүп жүрөгүмдү эзбедиңби.
Өткөрүп ойлор менен узун түндү,
Өзүң деп түйшөлгөнүм сезесиңби?
Өткөрүп ойлор менен узун түндү,
Өзүң деп түйшөлгөнүм сезесиңби?
[Verse]
Багынтып ак сүйүүгө жүрөгүмдү,
Бүлүктү салып ойду бөлбөдүңбү,
Балбылдап сүйүү жанса көздөрүмдөн,
Билмексен болуп аны жүрөсүңбү?
Балбылдап сүйүү жанса көздөрүмдөн,
Билмексен болуп аны жүрөсүңбү?
[Chorus]
Өзүңө буруп алып сезимимди,
Өрттөнтүп жүрөгүмдү эзбедиңби.
Өткөрүп ойлор менен узун түндү,
Өзүң деп түйшөлгөнүм сезесиңби?
Өткөрүп ойлор менен узун түндү,
Өзүң деп түйшөлгөнүм сезесиңби?
[Verse]
Каратып бүт өзүңө жан дүйнөмдү,
Көңүлгө санаа ойду үйбөдүңбү,
Көрмөксөн болбой жаным абалымды,
Кыйнабай чыныңды айтчы сүйөсүңбү?
Көрмөксөн болбой жаным абалымды,
Кыйнабай чыныңды айтчы сүйөсүңбү?
[Chorus]
Өзүңө буруп алып сезимимди,
Өрттөнтүп жүрөгүмдү эзбедиңби.
Өткөрүп ойлор менен узун түндү,
Өзүң деп түйшөлгөнүм сезесиңби?
[Chorus]
Өзүңө буруп алып сезимимди,
Өрттөнтүп жүрөгүмдү эзбедиңби.
Өткөрүп ойлор менен узун түндү,
Өзүң деп түйшөлгөнүм сезесиңби?
Өткөрүп ойлор менен узун түндү,
Өзүң деп түйшөлгөнүм сезесиңби?
63 views
3638
1348
2 years ago 00:02:59 1
DVRK45, Баястан, JOOSH - Эгер (lyric video)
1 year ago 00:04:02 1
Tamga ft. Баястан “Сени жактырам“ (OST “В поисках мамы 2“)