Москвада кыргызстандык таксист кардары унутуп кеткен 1 млн рублди кайтарып берди

Окуя 20-февраль күнү Москвадагы Домодедово аэропортунда болгон.Такси кызматын колдонгон кардар машинада 1 млн рубль акчасын унутуп кеткен. Айдоочу машинада калган акча жана документтерди 12 сааттан кийин байкап калып, ээсине кайтарып берген. Таксисттин мындай кадамына ыраазы болгон кардар жигиттин апасына видео аркылуу чалып, ыракматын айткан. Таксист жигит Кыргызстандын Жалал-Абад облусунда туулган 27 жаштагы Нурсултан Кайназаров болуп чыкты. Ал 2012-жылдан бери Орусияда эмгектенип келет.
Back to Top