Бишкекте Жеңиш күндүн урматына вальс бийи аткарылды
“Өчпөс оттун“ алдынан “Өлбөс полктун“ катышуучуларын “Жеңиш вальсы“ флешмобу менен тосуп алышты.
Бишкектеги Жеңиш аянтында 9-май майрамына карата вальс бийи аткарылды. Ага студенттер, окуучулар, Кыргызстандын элдеринин жаштар канаты жана чыгармачыл жамааттар катышты.
Sputnik Кыргызстан агенттиги акциянын жүрүшүн текст, видео менен жеринен баяндап берди.