Россиянын элчиси кыргызстандык журналисттер менен жолукту
Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов кыргызстандык ЖМКлардын өкүлдөрү менен жолукту. Иш-чаранын алкагында дипломат эки тараптуу мамилелер боюнча суроолорго жооп берген.
Мисалы, журналисттерди антироссиялык санкциялар, эки өлкөнүн банк системасындагы өз ара мамилелер кызыктырды. Вакунов Кыргызстандын бир катар банктары SWIFT системасынан чыгып калбаш үчүн операцияларды токтотууга аргасыз болгонун белгиледи.
“Кыргызстандын бир катар банктары Батыштын санкциясына тушуккан россиялык банктар менен өз ара операцияларын жүргүзбөй калганына карабастан, Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүү бир топ өстү“, — деген дипломат.
Ал бир катар мамлекеттер, анын ичинен Борбор Азиянын өлкөлөрү дайыма эле мыйзамсыз санкцияга карап кылчактап турууга мүмкүн эмес деген пикирде болуп жатканын белгилеген.
91 view
55
8
4 hours ago 00:01:54 91
Россиянын элчиси кыргызстандык журналисттер менен жолукту
8 months ago 00:01:09 150
Тилектештигиңерге рахмат! Россиянын элчиси кыргызстандыктарга кайрылды
10 months ago 00:01:29 68
Россия элчиси Кыргызстандагы мектептерди кыдырды
1 year ago 00:01:00 67
Кантта россиялык авиабазанын 20 жылдыгы белгиленди
1 year ago 00:13:28 300
Атайын билим алган алгачкы офицер Сулайман Күчүков. Унутта калган инсандын баяны
1 year ago 00:01:03 93
Бишкекте “Орус сахнасынын тандалган образдары“ аттуу көргөзмө ачылды.