Улуу Ата Мекендик согушта Кавказ үчүн болгон айыгышкан салгылаш

1942-жылы 25-июлда Улуу Ата Мекендик согуштагы Кавказ салгылашы башталып, ал 442 күнгө созулган. 1942-жылы жайында “Эдельвейс“ аталышындагы операция жарыяланган. “Эгерде Майкоптун мунайы менен Грозныйды ала албасак, анда согушту токтотуп эле койгонубуз жакшы!“ — деген Адольф Гитлер. Германия Кавказды алып, Бакуга эки айда кирип барууну пландаган. Андан кийин Иран менен Индияга жортуул жасоого ниеттенген. Новороссийск, Туапсе, Майкоп, Орджоникизде, Моздок үчүн айыгышкан кармаштар жүргөн. Кармаштын коргонуу боюнча алгачкы жыйынтыгында немецтер Закавказьеде токтотулган. Фашисттер 100 000ден ашык адамынан ажыраган. 1943-жылы 1-январда чабуулдар башталып, Кавказ фашисттерден 9-октябрда бошотулган.
Back to Top